Кундуз Жолдубаева өзүнө берилди деген каражатты тастыктады

Кундуз Жолдубаева өзүнө берилди деген каражатты тастыктадыКСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева укук коргоочу Нурбек Токтакунов кечээ, 15-ноябрда, фейсбук баракчасына жарыкка чыгарган 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу борбордук штабдын каражаттары тууралуу маалыматы боюнча бүгүн, 16-ноябрда комментарий берди жана ага берилген сумманы тастыктады.

Ал эми Нурбек Токтакунов жарыялаган документте Кундуз Жолдубаевага: 343 500 с. акция, атайын долбоорлор үчүн, кайрымдуулукка- 63 000 с., банкетке 95 950 с., командировкага 15 750 с. берилгени жазылган. Булардын баары туура экенин ал тастыктады.

«Биз бул документти кечээки күндөн бери партиянын кеңсесинде талкуулап жатабыз. Суммалар боюнча конкреттүү түрдө бирдеме айтуу кыйын, бирок ал жакта көрсөтүлгөн расмий иш-чаралар жана фамилиялар реалдуу. Баарын айтпаганда да, менин атым көрсөтүлгөн жерде ошондой. Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын начальниги Фарид Ниязов да өз түшүндүрмөлөрүн берди.

Андан тышкары, Алмазбек Шаршенович алдыда пландаштырылган маек боюнча «Апрель» телеканалынын журналисттери менен жолугушканын белгилей кетким келет. Бүгүн алар экс-президентке өткөн жылдагы президенттик шайлоо, анын ичинде аны каржылоо боюнча да суроо берүүгө ниеттери бар экенин билдиришти.

Ал макулдугун берди. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маеги 2018-жылдын 19-ноябрында эфирге чыга турганы күтүлүүдө» деди Кундуз Жолдубаева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты