Садыр Жапаров ФИФАнын президенти Жанни Инфантинону кабыл алды 

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинону кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Жапаров кыргыз футболун өнүктүрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн Эл аралык футбол федерациясына ыраазычылык билдирген.

Кыргыз Республикасына болгон сиздин биринчи сапарыңыз символикалуу жана маанилүү. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз кыргыз футболунун өнүгүүсүнө дем-күч берет. Спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат”, — деген Садыр Жапаров.

Жанни Инфантино өзү жетектеген уюм Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка объектилерге инвестиция салууга, техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

«Алардын максаттарынын бири Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана эл аралык тажрыйба менен бөлүшүү, ошондой эле спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө инвестиция салуу. Ошол эле маалда Жанни Инфантино Кыргызстандын футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, ФИФА Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө максималдуу салым кошуу ниети бар экенин билдирди«, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Бишкекке кечээ, 4-майда келген. Бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы сапары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты