Токтакунов жарыялаган документ импичментке негиз боло алабы?

Токтакунов жарыялаган документ импичментке негиз боло алабы?Укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ бир топ талаш-тартышкан жем таштады.

КСДП “Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жарыялаган документинде көрсөтүлгөн ысымдар жана иш-чаралар чындыкка дал келет деген билдирүүсүн” таратты.  Ал эми Президенттик аппарат мындай фейк жаңылыктарга жооп беришпей турганын айтты.

КСДПнын маалымат кызматынын жетекчиси Кундуз Жолдубаева билдирүү таратып, анда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязовдун комментарийин келтирген:

«Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Документтеги ысымдар жана иш-чаралар реалдуу экенин мойнума алам. Даталар да туура көрсөтүлгөн. Анын ичинде мен тууралуу да. Башка даталар жана сандар тууралуу документте аты аталгандардан сурап, тактаса болот. Мен башкарган штаб шайлоо мыйзамдарынын алкагында иш алып барган. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузмак эмес. Анын үстүнө мунун баарына биздин юристтер, БШК жана башка талапкерлердин штабдары көз салып турган» деп жазылат.

Нурбек Токтакуновдун пикиринде, эгерде бул документте көрсөтүлгөн чыгымдар чындыкка дал келсе Президентке импичмент жарыялоого негиз болот.

Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Токтакунов жарыялаган кагаздын юридикалык мааниси жоктугун айтышат.

Токтакунов жарыялаган документ импичментке негиз боло алабы?“Биринчиден, Токтакунов чыгарган кагаздардын юридикалык баасы жок. Ал кагазды студент деле компьютерден терип жасап коет. Муну Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов   — конфликттик кызыкчылыгы бар адам чыгарып жатат.  Анын артында Фарид Ниязов жана Атамбаевдер турат. Алар Президенттин туулган күнүнө карата маанайын бузуу максатында кыянаттык кылып жатышат” деп белгилейт ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

Депутат Исхак Масалиев болсо Фарид Ниязов бул маалым чындыкка туура келет деп айткандан кийин аны далилдеп бериши керектигин айтат.

“Фарид Ниязов түшүндүрүп берсин, штабда чыгымдар болот да баары бир, бирок 35 миллион сом эмес, 1,5 миллиард сом чыгымдаган болсо, Борбордук шайлоо комиссиясындагы маалымат менен чындыгында чыгымдалган акчалар дал келбесе анда текшерилиши керек” дейт Масалиев.Токтакунов жарыялаган документ импичментке негиз боло алабы?

Ал эми Токтакуновдун импичмент маселесин көтөрүп жатканы юридикалык жактан туура эмес деп белгилейт.

“Импичмент деген ишенбестик деген сөз. Ал эгерде Президент кандайдыр бир ката кетирсе, кылмыш жасаса кабыл алынат. Бул кагаздын тууралыгын, чындыгында эле болгонун эч ким далилдеген жок да. Ошол тизмедеги адамдардын баары чынында эле ошол сумманы алганбыз десе, анда укук коргоо органдары текшерип чыгышы керек” дейт эл өкүлү.

Депутат Искендер Матраимов болсо Токтакунов кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатат деген ойдо:

Токтакунов жарыялаган документ импичментке негиз боло алабы?“Мен ошол юристке түшүнбөйм, шайлоо бүткөнүнө бир жыл болду. Шайлоо бүттү, анын жыйынтыгын бүт мамлекет тааныган, анан эми жок нерсени алып чыгып, ушундай болду деп жатканы юрист адамдын жасай турган иши эмес. Нурбек Токтакуновду бирөөлөр үгүттөп жатат да, анын өзүнүн кызыкчылыгы деле жок. Мунун артында жыгылган күрөшкө тойбогондор турат”.

Бүгүн Фейсбук социалдык тармагында Нурбек Токтакуновдун баракчасына окшош баракча пайда болуп, алар Президенттикке талапкер болгон Темир Сариевдин жана Өмүрбек Бабановдун штабынын чыгымдары делген документтерди жарыялады.

Нурбек Токтакунов болсо ал жаңы баракчанын фейк экенин билдирди жана анда башка талапкерлердин штабдарынын чыгымдары тууралуу маалымат жок экенин айтты.

“Президенттик троллдордун мындай ыкмаларды колдонуп жатканы, мен чыгарган маалыматтар чындыкка дал келерин дагы бир жолу далилдеп жатат” дейт Токтакунов.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты