Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов 2 айга камакка алынды

  • 1 год мурун

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттык» Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 4-майда кабыл алынып, Темирбек Эркинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына киргизилген.

Белгилей кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Эркинов коррупция боюнча мурдараак козгогон кылмыш ишинин алкагында атайын кызмат тарабынан кармалганын жазышкан.

Бирок УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Темирбек Эркинов 2021-жылы, ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты