Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл толду. Президенттин куттуктоосу

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин куттуктоосунда Баш мыйзамда мамлекеттин жогорку баалуулуктары адам, анын жашоо-турмушу, укуктары жана эркиндиги деп таасын белгиленгени, ошондой эле эгемендүүлүк, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократия салттары бекемделгени айтылат . Жапаров Конституцияда жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн укуктук, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталганын белгилеген.

«Конституциянын жаратмандык дарамети чектелбейт, ал  зарыл  болгон социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана башка шарт-жагдайлардын жаралышына жараша улам жаңы кырынан ачыла берет. Ошондуктан эгемендүүлүк жылдарында конституциялык реформалардын жүрүшүндө Баш мыйзамга жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилген«, — деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Кыргызстандын ар бир жараны Конституциянын маанисин жакшы билүүгө тийиш экенин белгилеп, Конституцияны урматтап, ченемдерин сактап, анын маңызын аңдай жана баалай билгенде гана мамлекеттин өнүгүүсүнө, коомдун биримдигине, тынчтыкка жана бейпилдикке жетүү мүмкүн экенин айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты