“Билл Гейтс вакциналардын коронавирустан дагы коркунучтуу экенин айтты”. Текшеребиз

14-апрелде орусиялык “Абзац” сайтында “Билл Гейтс вакциналардын коронавирустан дагы коркунучтуу экенин айтты” деген баштема менен материал жарыяланган

Анда Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс короновируска каршы өндүрүлүп чыккан вакциналар вирустан дагы коркунучтуураак экенин айтканы белгиленген. 

“Билл Гейтс вакциналардын коронавирустан дагы коркунучтуу экенин айтты”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Билл Гейтс деген ким?

Билл Гейтс — америкалык программист, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү жана миллиардер. Дүйнөнүн эң таасирдүү адамдарынын катарына кирет. Америкалык Forbes журналынын версиясы боюнча бир нече жолу “дүйнөнүн эң бай адамы” деп табылган.

Ал кирешесинин бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшап келет. Гейтс мурунку жубайы Мелинда менен биргеликте “Билл жана Мелинда Гейтс фонду” кайрымдуулук фондун негиздешкен. Ал АКШдагы эң ири жеке фонд болуп эсептелет. 


Билл Гейтс коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө үгүттөп келген 

“Билл жана Мелинда Гейтс” фонду коронавирус пандемиясы башталгандан тартып COVID-19га каршы күрөшүүдө финансылык жактан колдоо көрсөтүп келери фонддун расмий баракчасында жазылган.

Билл Гейтс 2023-жылдын февраль айында ВВСге берген маегинде Марска баргандан көрө ошол каражатты вакцина сатып алууга жумшай турганын айткан. Гейтс бул кадамын “вакцина адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берет” деп түшүндүргөн. Ал бир гана коронавируска эмес, башка ооруларга да каршы вакциналарды иштеп чыгууга каржылык жактан салым кошуунун маанилүлүгүн айтып келет.

Билл Гейтс социалдык тармактагы баракчаларында да вакцинага болгон көз карашын активдүү чагылдырып келет. 

“Билл Гейтс вакциналардын коронавирустан дагы коркунучтуу экенин айтты”. Текшеребиз

Мындан эки ай мурун Твиттерде Филиппин соту тарабынан Билл Гейтсти камоо үчүн эл аралык ордер берилгени тууралуу маалымат активдүү тарап кеткен. Ал жерде COVID-19 вакцинасын алгандан кийин каза болгондордун өлүмүнө байланыштуу Гейтсти “атайылап адам өлтүрүү” менен шектелип жатканы жазылган.  New Punch маалымат агентигине шилтеме берилген бул билдирүүнү Reuters текшерип көрүп, фейк экенин аныктаган.

“Билл Гейтс вакциналардын коронавирустан дагы коркунучтуу экенин айтты”. Текшеребиз

Буга чейин Билл Гейтс жана вакцина жөнүндө көптөгөн такталбаган маалыматтар таратылып, алар фактчекерлер тарабынан төгүндөлүп келет. 

Башкача айтканда, Билл Гейтс  “Абзац”  сайтында айтылгандай, вакциналарга каршы үгүттөөлөрдү жүргүзгөн эмес. Ал, тескерисинче, вакциналардын жеткиликтүүлүгү боюнча ар кандай каржылык жардамдарды көрсөтүп келет. 

Жыйынтык: Билл Гейтс вакцинаны кооптуу деп айткан эмес. Бул маалымат жалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты