Сооронбай Жээнбеков: “Мен мамлекет башчысымын. Катуу салгылашка дайым даярмын!”

Сооронбай Жээнбеков:  “Мен мамлекет башчысымын. Катуу салгылашка дайым  даярмын!”

Бүгүн, 16-ноябрда, Сооронбай Жээнбеков 24.kg  агенттигинин кабарчыларына кеңири маек куруп, аткарылган жана алдыда турган иштер, ЖЭБ маселеси, тышкы саясат ж.б. суроолорго жооп берди. Ошол маектин Алмазбек Атамбаев тууралуу бөлүгүн орус тилинен которуп жарыя кылабыз.

 —Сиздин шайлоо алдындагы урааныңыз –“Көчтү улайбыз!”. Башкача айтканда, Алмазбек Атамбаевдин жолун улоо. Сиз экс-президент менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?

—Менин урааным кыргызча “Кыргыз көчү жолун улайт” деп аталат. Бул жол—менин, сиздин же дагы башка бир кишинин жолу эмес. Бул өлкөнүн, элдин жолу, ал тээ атам замандан башталган улуу кыргыз көчү. Бул сөздүн мааниси ушундай.

“Бетеге кетет, бел калат” дегендей, эл башкаруучулар, президенттер келет-кетет, ал эми эл жана кылымдардан келаткан улуу тарыхый көч кала берет. Мен мына ушул жолду улаймын.

Акыркы жолу мен 29-мартта, КСДП съездинин алдында жолуккам. Төрт сааттан ашык сүйлөшкөнбүз. Ошондон кийин сүйлөшө элекпиз.

—Сиз азыр сиз менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда эмне болуп кеткенин айта аласызбы? Эмнеге 20 жылдык достук жана жылуу мамиледен кийин ушундай болуп кетти?  

—Анын 21-марттагы айткандары, менин инаугурациямдан төрт айдан кийин, менин президенттик жооптуу учурумда айтканы мен үчүн күтүүсүз болду. Анда ал мени ЖЭБдеги коррупция жана авария боюнча күнөөлөдү.

КСДП партиясынын съездине партия жана Атамбаевдин өзү үчүн да да оор болуп турганда партиянын түптөлүшүнүн башында турган, Ош облусунун илгерки өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Мындай кескин кадамдарга таң калдым.

Мен аны менен кол үзүшүү тууралуу эч убакта айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт партиялаш жана үзөнгүлөш болуп келдик.

Кайсы бир үчүнчү адамдар тарабынан мени жетеленме жетекчи кылуу аракети, менин аракеттеримди көзөмөлдөп туруу—мунун баары ага адам катары да, экс- президент катары да, партиялаш, үзөңгүлөш катары да аброй алып келбейт.

Анын ошондой аракеттери мага түшүнүксүз болду. Ал бирге өткөргөн  20 жыл тууралуу көп айтат, бирок мен да эшек такалап жүргөн жокмун да. Мен партиялаштар менен бирге, айрыкча, Ош облусунда, Баткенде жана Жалал-Абадда партиянын иш-аракетин чыңдоо менен алек болдум.   

КСДПнын Ошто дегеле такыр кадыры жокто, биз, жакын санаалаштар жана жактоочулар менен партиянын уюмдарын ачып, кыска мөөнөттө шайлоочулардын кадыр-баркына ээ боло алганбыз.

Ал “досум” жана “партиялашым” деген сөздү көп айтат. Бирок чыныгы достор менен партиялаштар андай болбойт.

Биздин партия кыйын күнгө кабылганда, айрыкча, өлкөнүн түштүгүндө,  мен дайыма аны менен болгом. Анын айланасынан баары качып кеткенде да мен жана үй-бүлөм, туугандарым жана жакындарым үчүн кооптуу жагдайга карабастан, жанында болгом.

2009-жылы мен КСДПнын президенттикке талапкерлигинин штабын жетектедим.   Анда Атамбаевди колдоого  батынгандар аз болчу, баары анда ошол учурдагы режимден коркчу.

2010-жылы түштүктө болгон окуялар убагында мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн мен карьерам үчүн гана эмес, өмүрүм үчүн да тобокелге баргам. Ал муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени саткын деп айтканды жакшы көрүшөт. Кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт.

 —Бардык президенттерден сизге кыйыныраак болуш керек. Сиздин күчтүү атаандашыңыз башкаларчылап эч жакка качып кеткен жок, ал бул жакта, ЖМК аркылуу өз пикирин билдирип турат. КСДП штабында, сиздин  партия арасында  атамбаевчылап сизди кескин сындап турушат. Мындай саясий атаандаштык сизге кыйын эмеспи?

—Мен мамлекет башчысымын. Катуу салгылашка дайыма даярмын. Жеңил эч нерсе жок. Күрөш жана эмгек—жетишкендиктин өбөлгөсү.

Мен мамлекеттүүлүктү чыңдоо, өлкөнү өнүктүрүү, парламенттик демократияны өнүктүрүү, адам укугун  жана сөз эркиндигин сактоо сыяктуу негизги принциптеримди карманып келгем жана мындан кийин да кармана берем.

Ар дайым негиздүү сынды кабыл алып жана катачылыгымды оңдойм. Мамлекеттик ишмер үчүн бул кадимки эле жөрөлгө. Негизгиси сын—курулай  эмес жана долуланбаган болушу керек.

Булак: 24.kg

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты