Ирина Карамушкина Иса Өмүркуловдун айынан жыйындан чыгып кетти

Ирина Карамушкина Иса Өмүркуловдун айынан жыйындан чыгып кетти

Парламенттеги КСДП фракциясынын 16-ноябрдагы жыйынында  Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу боюнча партиянын саясий кеңешинин чечими каралбай калды.

Депутат Ирина Карамушкина фракция жетекчиси Иса Өмүркулов менен бул маселе боюнча кайым айтышып, жыйындан чыгып кетти.  Карамушкина КСДПнын саясий кеңешинин Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин караш керек деген. Өмүркулов өзү бул тууралуу катты алып, кайра жыйындын протоколун, катышуучулардын тизмесин жана ишеним каттын көчүрмөсүн сурагандыгын жана юридикалык жактан сабаттуу жазылган чечимди жыйынга алып чыгарын билдирди.

Айта кетсек, КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан жана саясий кеңештен чыгаруу чечимин

31-октябрда кабыл алган.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты