Мекенди сүйүү ата мекендик костюм кийүүдөн башталат

Мекенди сүйүү ата мекендик костюм кийүүдөн башталат

Бул жумада өтүп жаткан өлкөнүн кийим тигүүчүлөрүнүн жумалыгына катышкан Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев быйылкы жылы импорттук костюм-шымдан баш тартып, жалаң ата мекендик өндүрүштөн кийинип калганын билдирди.

“Мурда мен импорттук костюмдарды сатып алчу элем. Бирок Өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин жалаң ата мекендик өндүрүштөн кийинүүгө өттүм. Биз, эркектер, чиновниктер, өз ара сүйлөшүп калганда ким кайсы жактын костюмун сатып алаарын сүйлөшүп калабыз. Башка өлкөлөрдүн көпчүлүк  чиновниктери  биздин тигүүчүлөр тиккен костюмдарды  киерин байкадым. Эми мен да командировкаларда биздин продукцияны көрсөтө жүрөм» деди.

Өкмөт башчы биздин тигүүчүлөрдүн колунан чыккан костюм импорттук костюмдан арзаныраак, бирок сапаты жагынан калышпасын билдирди.

Сүрөттө: М. Абылгазиев Астанада Өкмөт башчылар арасында. 2018-жыл, 2-ноябрь.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты