Жапаров Асман шаары, «Тамчы» ЭЭАсы жана жаңы аэровокзалдын курулушунун жүрүшү менен таанышты

  • 1 год мурун
Жапаров Асман шаары, «Тамчы» ЭЭАсы жана жаңы аэровокзалдын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров алгач саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган жаңы аэровокзал комплексин куруу пландалып жаткан «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортуна барды.

«Садыр Жапаровго азыр иштеп жаткан аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн көтөрө албай калганы айтылды.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун модернизациясы аяктаса, аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртат жана өлкөнүн облустарын бириктирген ички авиакаттамдарды калыбына келтирет. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартууга жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берет«, — деп айтылат маалыматта.

Президент андан соң жакынкы мезгилде капсула салынышы пландалып жаткан Асман шаарынын курулуш долбоору менен таанышты.

Мындан тышкары ал “Ысык-Көл” Эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан “Тамчы” эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерге да барды.

Маалыматта келечекте бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылары, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берери жазылган.

Ошону менен бирге президент туризм кластеринин курамына кирген спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты.

«Негизги басым спорттук жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жасалат. Бул комплекс Ысык-Көлдүн жээгинде кызыктуу жана сапаттуу эс алууга шарт түзөт«, — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты