Депутат иштеген пенсионердин пенсиясы төлөнбөсүн деди

Депутат иштеген пенсионердин пенсиясы төлөнбөсүн дедиКыргызстанда Статистика комитетинин маалыматы боюнча, орточо пенсия 5401 сом, орточо жашоо минимуму 4554, 71 сом. Ошого карабай  ЖК депутаты Таабалды Тиллаев 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында иштеп жаткан пенсионерлерге пенсия төлөөнү токтотуш керек деген сунушун билдирди.

“Пенсионерлердин тажрыйбасы мамлекетке керек. Бирок бюджеттен айлык алып жаткан соң пенсия берүүнү токтотуу зарыл. Же пенсия, же айлык алышсын. 40 миң адам бул өтө көп” , — деди депутат.

Ал эми Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар экенин, алардын 40 миңи мамлекеттик кызматтарда иштерин айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты