Чүйдө адам өлтүрүп, сөөгүн сууга ыргытып жиберген деген шек менен эки жаран кармалды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Панфилов районунда адам өлтүрүп, кылмышты жашыруу үчүн сөөгүн сууга ыргытып жиберген деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 26-апрелинде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, маркумдун денесинде зомбулуктун издери бар экенин аныктаган. Муну соттук-медициналык экспертиза дагы тастыктаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал 1968-жылы туулган В.Х. аттуу  жаран экени такталган.

Райондук милиция тарабынан кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.Т. жана 1962-жылы туулган Д.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул окуя ичкилик ичип отурушуп ортодогу чырдан улам келип чыкканы, шектүүлөр кылмыш жообунан кутулуу максатында маркумдун сөөгүн Чоң Чүй каналына алып барып ыргытып жиберишкени аныкталган.

Учурда тергөө иштер уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты