Садыр Жапаров бишкектиктерди борбор калаанын 145 жылдыгы менен куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин куттуктоосунда Бишкек Совет мезгилинде «жашыл шаар» деп таанылганы, дүйнө жүзүндө “мрамор шаар” аталган шаарлардын катарында киргени айтылып, борбор калаанын эл аралык коомчулуктун мындай сый-урматка жетүүсүнө мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин зор эмгеги экени белгиленет.

«Ошентип 145 жылды артка таштаган тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан бул аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланды. Ушу тапта Бишкек шаары Кыргызстандын булуң-бурчундагы жарандарыбызды кайра-кайра келүүгө дегдеткен сүйүктүү шаары, аяк басып, астанасын аттаган меймандарды жайда салкын, кышта жылуу абасы менен арбаган жагымдуу жайы болуп калды«, — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Жапаров Бишкек шаарын кийинки муунга “жашыл шаар”, “мрамор шаар” бойдон сактап, көркүнө көрк кошуп өткөрүп берүү парз экенин белгилеп, бул үчүн шаардын архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө маани берүү абзел экенин билдирди:

«Бүгүнкү күндө бульварлар, парктар, ботаникалык бакчалар менен катар маданий жана соода борборлору ачылып, эстеликтер орнотулуп, тарыхый жайларды изилдөө колго алынууда. Маселен, биздин замандын V-VI кылымдарына таандык байыркы Жүл (Джуль) шаар калдыктарынын ордунда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат«.

Мамлекет башчысы шаар калкы менен меймандардын эс алуусуна, экологиялык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү максатында бир катар сейил бактары колдонууга берилип, оюн-зоок борборлору, вело жолдорду куруу улантылып жатканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты