ӨКМ: Айдоочулар үчүн кар көчкүдөн сактануунун 7 эрежеси

 

ӨКМ: Айдоочулар үчүн кар көчкүдөн сактануунун 7 эрежесиӨзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаанын айдоочуларына кар көчкүдө Коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Көчкү коопсуздугу учурунда айдоочулар бул коопсуздук эрежелерин билиши зарыл:

  1. Бир жакка чыгаарда аба-ырайы жөнүндө маалыматты, унаа жолдорунун ал-абалын, кар көчкү түшүү коркунучун жалпы маалымат билдирмелеринен же ӨКМнин ыкчам күзөтчүсүнөн билүү;
  2. Автоунаалардын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыргыла;
  3. Тоолуу аймактарда же кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жол бөлүктөрүндө жол кызматчылары белгилеген унаа арасындагы аралыкты бекем сактоо керек;
  4. Кар көчкү коркунучу бар жерлерде коюлган эскертүү белгилерине бекем көңүл бөлүү керек, зарыл болсо, эртең менен эрте өтүп кетүү керек;
  5. Жол кызматчылары тарабынан коюлган  “Чектелген жүрүү”, “Унаа жолунун бекилүүсү” белгилерине, жалпы маалымат билдирмелери аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин жана ИИМнин Жолдогу-кыймылы кызматчыларынын эскертмелерин бекем аткаруу.
  6. Эсиңерде болсун! Кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы-октябрдан тартып апрель айларына чейин эсептелет, көпчүлүк кар көчкү түшүү февраль-март айларында болот.
  7. Эгерде айдоочулар өзгөчө кырдаалга кабылса “112” кызматына чалып кайрылуу керек.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты