Туулган күнүңүз менен, Президент!

Туулган күнүңүз менен, Президент!

 

Бүгүн, 16-ноябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка чыкты.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунунун мурдагы Совет, азыркы Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган.

1976-жылы Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1983-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун зооинженерлик адистиги  боюнча бүтүргөн. 1988-жылга чейин Совет районунун Совет совхозунда зоотехник, кийин партиялык-советтик кызматтарды аркалаган.

1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган.  Айыл чарба министри, Кыргыз Республикасынын Премьер- министри кызматтарында эмгектенген.

2017-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.

Сооронбай Жээнбеков көп балалуу үй-бүлөдө туулган. Тогуз бир тууганы бар Улуу агасы Кантөрө Токтоматов академик болгон, Жусупбек Шарипов Ош облусунун губернатору болгон, Асылбек Шарипов Жогорку Кеңеш экс спикери.

Эки баласы бар.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты