Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы коротту делген каражатты жарыя кылды

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо коротту делген акчасы тууралуу бүгүн, 15-ноябрда, Фейсбук баракчасына жазды жана талапкердин борбордук штабынын кассасы делген Excel файлды жарыялады. Файлды ага шайлоо кампаниясына тиешеси бар булактар бергенин айтты.

Токтакунов расмий түрдө Сооронбай Жээнбековдун  шайлоо кампаниясына 158 млн 096 миң 175 сом коротулганы жарыя болсо, ал эми иш жүзүндө  1 миллиард 170 млн 265 миң 187 сом жана 6 млн 855 миң 700 АКШ доллары коротулган деп жазат.

“СШ чз ИС” деген жерлерин Токтакунов  “Сооронбай Шарипович через Икрамжана Саттаровича” деп чечмелейт.

Ал эми Икрамжан Саттарович Илмиянов экс-президенттин ишенимдүү адамдарынын бири болгон.

«СШ через ИС»  акчалардан сырткары, Т. Туманов деген кишиден 1 млн 500 миң  сом, Примов дегенден 1 млн 483 миң сом; Кадыркулов Искендер дегенден 1 млн сом түшкөн делет.

Башка кишилердин да аты аталып, жалпы 23,5 млн доллар корогонун, ал эми мыйзам боюнча талапкер шайлоо кампаниясына 15 млн сомдон ашык коротпошу керек дейт укук коргоочу.

Бул акчалардын арасынан Тайыр Сарпашев деген жаран  7 млн 890 миң сом,  Аманкулов Марат деген  2 млн 260 миң алганын, булар шайлоочулардын добушун сатып алууга жумшалды деп ойлоого, жоопкерчиликке тартууга негиз бар дейт  укук коргоочу Токтакунов.

Учурда Нурбек Токтакунов камакта жаткан экс-премьер Сапар Исаковдун жактоочусу.

Азырынча КСДП партиясы алардын талапкери коротту деген каражат боюнча расмий жооп бере элек. Ал эми президенттик аппарат ЖМКга фейк маалыматтарга жооп бербесин билдирген.

https://www.facebook.com/toktakunov/posts/10214886545988813

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты