«АгроТехЭкспо-2018» жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Бишкекте жыл сайын май айында өткөрүлчү  айыл чарба техникасынын жана продукциясынын көргөзмөсү быйыл 14-15-ноябрда өткөрүлүп жатат. Жарманкеге катышкан фермерлердин саны жылдагыдан аз. Жылда Республиканын бардык облустарынан өкүлдөр келип катышса, бул жолу дээрлик баары Чүй облусунан. Катышуучулардын айтымында, мунун себеби жарманкенин ызгаар суукка калганына жана фермерлерге маалыматтын жетпей калганына байланыштуу.

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Ахмет Кесек, “Агротүрк” компаниянын ээси:

“Көргөзмө май айларында өтсө болмок”

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Түркиядан келген «Агротүрк» компаниясынын ээси Ахмет Кесек аймактагы тургундарга маалымат берилбей калса керек деген оюн айтты:

—2013-жылдан бери Кыргызстанда айыл-чарбар техникасын сатып иштейбиз. Жыл сайын катышабыз. Адатта май айында өткөрүлчү.

Быйыл, ноябрда өткөрүүнү чечишиптир. Аба суук дагы болгондонбу, же башка аймактардагы тургундардын кабары жоктугунанбы, адамдар жылдагыдай көп эмес. Балким, жергиликтүү же улуттук медиа аркылуу маалымат жакшы берилбей  калды.

Бир жагынан эл көнүп калган. Жыл сайын апрель же май айларында өткөрүлүп келген, адамдар дагы ошол датаны күтүп жүрүшү мүмкүн. Ошондуктан, мындан кийин да май айларында өткөрүлсө жакшы болмок.

Айгүл Умарова, “Чабрец” компаниясынын өкүлү:

“Жергиликтүү өндүрүүчүлөр гана катышып жатат”

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Сокулуктан келдик. Кызыгып, сурап келгендер көп эле. Бирок, кечээкиге караганда бүгүн эл аз. Дээрлик жергиликтүү гана өндүрүүчүлөр катыпшып жатат. Ал эми техника боюнча башка аймактардан келгендер бар, бирок аз.

 

 

Жусуп Ташыров, “Гумат KG” компаниясынын башчысы:

“Кийинки жылы Ошто өтсө, ага да катышабыз”

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

—Мурда “Айыл-Агро” деп уюштурулчу. Ал 5 жыл катары менен болду. Быйыл айыл чарба министирлиги өзү колго алып, уюштурду.

Бир аз кечирээк болуп калды, 10-15 күн эртерээк уюштурганда жакшы болмок. Күн дагы суук болуп жатпайбы. Кийинки жылы Ошто өткөрүлөт экен, ага дагы катышабыз. Кызыгып сурап келгендер болуп жатат.

Октябрдын аягында болсо дыйкандар дагы көбүрөөк келмек. Азыр сууктун айынан түштүктөн, башка региондордон келгендер аз. Көбүнчө Чүйдөн келгендер эле.

Нурлан Кожогулов, Айыл чарба, тамак өнөр жайы жана мелиорация мнистрлигинин Механикалаштыруу жана энергетика департаментинин жетекчиси

“Дыйкандардын абалын эске алып, ноябрда уюштурдук”

—Май айында дыйкандарда каражат жок да. “Жаз жарыш” деп баарын айдап, сээп койгондуктан техника, продукция сатып алууга мүмкүнчүлүгү болбойт.

Ошондуктан, өтүнүчтөр боюнча ноябрда өткөрүүнү чечтик. Эми бир аз суукка туш болуп калды. Бирок, жылдагыдан эки эсе көп техника коюлду.

Америка, Германия, Түркиядан ж.б. өлкөлөрдөн чыккан техника жана продукциялар сунушталды. Кыргызстандын бааардык аймактарынан чакырганбыз. Массмедиа аркылуу роликтерди берип, маалыматты жеткиргенге аракет кылдык.

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Техниканын түрү бар. Бирок, ала турган киши жок…."АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Келгендердин ар бирине сүйүнгөн катышуучулар

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Багы ачылбаган үрөндөр

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Ызгаар суукка карабай чыккан катышуучулар

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Техникалар дыйкандарды күтүп…

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Көп орундар бош турат

 

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Башка облустардан өкүлдөр келсе минтип бош турмак эмес

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Мындай суукка баннерлер гана чыдайт

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Багын күткөн үрөндөр

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

"АгроТехЭкспо-2018" жарманкеси суукта өтүп, дыйкандар келбей калды

Борбор Азияда ири көргөзмөлөрдүн бири болгон “Айыл-Агро” 2017-жылы 17 майда Бишкекте өткөн. Ага 20 өлкөдөн келген 30 компаниянын продукциялары жана техниканын 50 түрү көргөзүлгөн. Ал эми кыргызстан 7 облусунан экспозициялар менен Кыргызстандын бул тармактагы потенциалы көргөзүлгөн.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөттөрү: автордуку

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты