Айсулуу Мамашева: «Кумтөр» келишими Кыргызстан кызыкчылыгына дал келбейт»

 

Айсулуу Мамашева:  «Кумтөр" келишими Кыргызстан кызыкчылыгына дал келбейт»Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева бүгүн, 15-ноябрда, ЖК жыйынында Кумтөр» алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. Компани менен келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбестигин жана компания өз үлүшүн сатканы жатканы жөнүндө сөздөр айтылууда деди.

“Бул келишимге кол коюлгандан кийин, мөӊгүнү бузууга жол бере турган мыйзамга да кол коюлуп, мөӊгүнү жок кылууга жол ачып бердик. Мындайча айтканда, биз баарын аткардык, ал эми компания өз милдеттенмелерин азыркыга чейин аткарган жок», — деди. .

Премьер-министр ошондой сөздөр бар экенин, Өкмөттү акыркы келишимдин шарттары канааттандырбай турганын, келерки аптада Центерра компаниясынын жетекчилери менен жолугушууда билинээрин билдирди.

«Келишимдин шарттары канааттандырбайт, биз каражаттын түшүшү боюнча өз позициябызды бекемдөөгө тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициянын тартылышы боюнча келишим 5 жолу убактылуу узартылды.

Кыскасы, келишим азырынча күчүнө кире элек, анда биз аткара турган да, компания аткара турган да талаптар бар», — деген жообун берди өкмөт башчы.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты