Кыргызстанга Европадан туристтик поезд келди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 21-апрелде Бишкекке Европадан туристтик поезд менен 60тан ашуун турист келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул турпоезддин экинчи каттамы. Биринчи туристтик поезд былтыр сентябрь айында келген.

Турпоезд менен келген коноктор Кыргызстанда 2 күн болуп, андан соң Казакстанга кетишет.

2022-жылдын август айында «Lernidee Erlebnis Rreisen» туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына Европадан келген коноктор үчүн Кыргызстанга туристтик тур өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү алкагында «Кыргыз темир жолу» коноктордун каалоосун эске алуу менен өлкө ичинде темир жол менен жүрүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты