Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Баарыңыздарды мусулмандардын ыйык майрамы – Орозо айт менен чын дилимден куттуктайм! Ыйык Орозо айындагы кайрымдуулук иштериңиздер жана изги ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Ислам — сабырдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн дини. Анын баалуулуктары улуттук каада-салттар менен айкалышып, элибиздин руханий өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Мусулманчылык туура жолго салып, жакшы иштер менен сооп табууга, күнүмдүк турмушта акылмандыктын, айкөлдүктүн жана токтоолуктун үлгүсү менен жашоого үндөйт.

Мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы — Рамазан айынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Жараткан Кыргызстаныбызга береке, тынчтык жана өнүгүү берсин, элибизге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолосун!

Аруу тилектерибиз, асыл ой-максаттарыбыз ишке ашсын. Бүтүндөй Кыргызстан элине, ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, бакыт, тынччылык жана бакубат жашоо каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты