“Манас” аэропорту быйыл 6 миң тонна көп жүк ташыйт

“Манас” аэропорту быйыл 6 миң тонна көп жүк ташыйт

 

2018-жылы “Манас” аэропортунун жүк агымы 6 миң тоннага көп болот. Бул тууралуу Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында аэропорттун финансы-экономика дирекциясынын башчысы Жаңыл Абикова айтты.

Анын айтуусу боюнча 2017-жылы аэропорт 31 миң тонна жүк ташыса, быйылкы жылы ага караганда 6 миң тоннага көп болуп, 37 миң тоннага жетмекчи.

“Өткөн жылы 32 миң рейс жасалып, 3,5 млн ашык жүргүнчү тейленген” деди финансы директору.

Бул маалыматты «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты