УКМК: Токмокто борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулган үйлөр аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Токмок шаарындагы «Токмок Жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шаардагы бир катар үй “Токмок жылуулук” ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала алынган маалыматтар боюнча 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Ал эми жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулган үйлөр 55 миллион сомдон ашык суммадагы жаратылыш газын сарптап, республикалык бюджеттен 49 миллион сомдон ашык каражат сарамжалсыз пайдаланылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана Токмок шаарындагы “Токмок жылуулук” ишканасына жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты