Атамбаев менен соттошуп келген журналист Өнүгүү министрине кеңешчи болду

Атамбаев менен соттошуп келген журналист Өнүгүү министрине кеңешчи болдуЖурналист Дайыр Орунбеков эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туралуу Орунбеков ПолитКлинкага билдирди.

Анын айтымында, аталган министирликте иштөөнү көпчүлүк сунуштап жүргөн, кийин министр өзү чакырган.

“Буга чейин аталган министирликке барып иштеп көрбөйсүңбү дегендер болгон. Анан министирге дагы мени сунушташыптыр. Ал мени чакырып, жолугуп сүлөшкөндөн кийин дайындоо боюнча указга кол койду. Буга чейин социалдык-кайрымдуулук долбоорлорун уюштуруп жүргөм. Ошол себепчи болду”- дейт Орунбеков.

Ошондой эле аталган министирликте айлык акы көп деле эмес экендигин, 15 миңдин тегерегинде айлык алышы мүмкүн экендигин да айтып өттү.

Эсиңиздерге сала кетсек, Дайырбек Орунбековго карата Аламүдүн райондук сотунун чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон эле. Ал чечим боюнча компенсация катары ошол убактагы прзидент Алмазбек Атамбаевге 2 млн сом төлөп бериши керек болчу.

Андан кийин Орунбеков дагы Атамбаевге жана анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго, анын ар-намысын жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко берген. Бирок, сот аларды актап чыккан. Ага карабастан, Орунбековго карата соттун чечими күчүн жогото элек ал Атамбаевге 2 млн сом төлөп бериши керек.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты