Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы кымбаттайт

  • 1 год мурун

1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 23 тыйынга көтөрүлүп, 1 сом болот. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган документке ылайык, электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с.

Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт.

Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

Өкмөт тараткан билдирүүдө тарифтер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн көтөрүлүп жатканы айтылат.

«Тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр Советтер Союзунан бери алмаштырыла элек энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет. Иштеп жаткан жылуулук жана гидроэлектростанцияларды реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан, учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эскирген абалда калууда.

Тарифтерди жогорулатуунун натыйжасында алынган каражаттар эскирген жабдууларды модернизациялоого багытталат. Бул өз кезегинде энергетика объекттериндеги аварияларды жана системалуу өчүрүүлөрдү алдын алууга мүмкүндүк берет«, — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы кымбаттайт
Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы кымбаттайт
Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы кымбаттайт
Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы кымбаттайт
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты