Садыр Жапаров “кустуризация” өнөктүгүнөн 10 млрд сомдон ашык каражат чогулганын айтты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров эки жарым жылда “кустуризация” же коррупциялык, мыйзамсыз иштерге айыпталгандарды мамлекеттин казынасына каражат төктүрүү өнөктүгүнөн 10 миллиард сомдон ашык каражат чогулганын айтты. Бул тууралуу ал «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

«Эки жарым жылдан бери кимде-ким акча төгүп жаткан болсо, бир тыйыны коробой түздөн-түз республикалык казынага келип түшүп жатат. Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык«, — деди Жапаров.

Ал бул өнөктүк боюнча бюджетке каражат төккөндөрдүн тизмеси алардын айрымдарынын өтүнүчү менен жарыяланбаганын билдирип, бул маселеге кызыккандар расмий кат менен кайрылса бардыгын ачык көрсөтүп берерин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты