Президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды

  • 1 год мурун

Президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

50 жаштагы Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп иштеп келген. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Түп районунун акими кызматтарын аркалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн президенттин Оштогу өкүлү Зияддин Жамалдинов, анын орун басары Данияр Жаныкулов жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевдин кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты