Текебаевге өзүм билемдик менен адвокат боло койгон жактоочунун лицензиясы токтотулду

Текебаевге өзүм билемдик менен адвокат боло койгон жактоочунун лицензиясы токтотулдуӨмүрбек Текебаевдин иши шаардык сотто каралып жаткан учурда, адвокаттарынын ооруп жатканына карабай, алардын ордуна жактоочу болуп кирген адвокат Элмира Чоноеванын лицензиясын Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы  эки жылга токтотту.

Бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, саясатчынын актоочулары анын үстүнөн арыз менен комиссияга кайрылышкан.

«Комиссия «Чоноеванын сотко катышканы мыйзамга туура келбейт» деп таап, ага сөгүш жарыялаган. Биз ага да макул болгон эмеспиз. Натыйжада анын лицензиясы“эки жылга токтотулсун” деген чечим чыгарылды. Демек, комиссия “Элмира Чоноева сотко мыйзамсыз жана негизсиз катышкан, Текебаев менен Чотоновдун кызыкчылыгын коргоодо мыйзам одоно бузулган” дегенди тастыктап жатат», — дейт жактоочу.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты