Шамбесайда энелерди сүйрөгөн милицияга укуктук баа берилсин дейт депутат

Шамбесайда энелерди сүйрөгөн милицияга укуктук баа берилсин дейт депутатШамбесайда кен чатагы боюнча чыккан  элге күч колдонулганы тууралуу маалымат иликтенип, юридикалык баа берилиши керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат  Закир Шарапов билдирди. Депутаттын айтымында, ага чет өлкөдөгү мигранттар кайрылып, бул окуяга абдан тынчсызданышканын, ал боюнча чара көрүлүшү керектигин талап кылып жатышканын айтты.

«Октябрь айында эл толкуп, ошол жерде жагымсыз жагдай пайда болгон. Зордук кылып, милициянын күчүн көргөзбөстөн тийиштүү органдар түшүндүрүү иштерин жүргүзсө андай болбойт эле. Энелерибизди, эжелерибизди сүйрөгөн милицияны интернеттен көргөн биздин алыстагы мигранттар кыжырданып жатышат. Ошого юридикалык баа берүү зарыл» дейт депутат.

Эске салсак, Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү эл каршы болуп келет. Алар «экологиябыз бузулат» деп чочулап турушат.

Маалыматтарга караганда, Шамбесайда болжол менен 12 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүү укугуна кытайлык “Тианди” компаниясы ээ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты