Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам академиясын түзүүнү сунуштады

СПрезидент Сооронбай Жээнбеков Ислам академиясын түзүүнү сунуштадыооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясында Ислам академиясын түзүүнү сунуштады.

“Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот”деп айтты Президент конференцияда.

Андан ары мамлекет башчы исламдын өнүгүүдөгү таасирин баса белгиледи:

“Орто кылымдарда Борбордук Азияда ислам дининин жайылуусу менен Кыргызстанда шаарлар өнүккөн, мечиттер, медреселер жана китепканалар салынган.

Азыркы Бурана, Өзгөн мунарасы, Шах Фазил, Таш-Рабат  сыяктуу архитектуралык эстеликтер курулган.

Жусуп Баласагындын „Кут алчу билими“, Махмуд Кашгари-Барсканинин „Диваны“, Абу Бакр Серахси-Өзгөндүнүн „аль-Мабсуту“, Сираажуд-Дин Ошинин „Бадуль-амалийи“ ж. б. улуу инсандардын эмгектери жаралгандыгы баарыбызга маалым.

Бүгүн ислам — мамлекетибиздин социалдык, маданий жана руханий өнүгүүсүнүн, коомдук жашоосунун  ажырагыс бөлүгү” деди Сооронбай Жээнбеков.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты