Бишкекте бүгүн түнү 1937-жылдан бери боло элек суук болот
- 6 лет мурун
- Баяндар
Бишкекте бүгүн түнү 1937-жылдан бери боло элек суук болот. 1937-жылы 15-нобрда -17 градус суук болгон. Ал эми бүгүн Бишкекте күндүз- жылуу, 0, -2 болгону менен, түнкүсун 12-14 градус суук болот.
Кечээ, 14-ноябрла, Бишкекте 63 жылдан бери боло элек суук болду. Бул тууралуу “Погода и климат” сайты билдирди. Кечээ Бишкекте күндүн суугу 13,7 градус болду. Мындай суук 1955-жылы 15,2 градус болгон.
***
Дагы бир жолу эсиңиздерге сала кетсек, Бишкекте троллейбус кечки саат 22.00 чейин иштей баштады.
***
Бишкекте үй-жайы жоктор кайда баш калкаласа болот? (даректери)
Бул суук күндөрү Бишкекте үй-жай жок 160 киши убактылуу жайларга жайгаштырылды.
Бишкек шаарынын мэриясы үй-жайы жокторду, убактылуу болсо да, жылуу жайга орноштурууда.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаардын кайсы жерлеринде убактылуу жайлар бар экендиги тууралуу маалымдап, алардын даректерин жарыя кылды. Ал даректердин тизмеси төмөнкүдөй:
1.Биринчи май районунда:
Дареги: Жибек жолу, 413 дарегинде “Коломто” муниципалдык үйү;
Бул жакта 70-100 киши убактылуу жашайт. Азыркы учурда 70 киши бар.
Коломтонун телефондору: : 30-48-55, директор – Айгүл Сманалиева.
- Леинн району боюнча:
Дареги: Трудовой көчөсү, 10. “Боорукерлик борбору”.
Азыр ал жакта 11 аял, жалпы 17 баласы менен жашап жатат.
Телефон номери: 64-48-71, директору — Уркуя Исманова, 0550 54 66 22.
- Андан тышкары Бишкектин эки районунда ноябрь айынан март айына чейин бир жолу ысык тамак жана жатак берилет.
Бул эки убактылуу жай 100 гө чейин үйү жокторлу кабыл алат.
- Свердлов району боюнча:
Дареги: Фере көчөсү 34-а, т. 58-03-68, социалдык жардам боюнча башкы адис Зеркинбек Мамаев, тел 360-335, 0556 564-656.
Ал жакта азыр 30 киши жашап жатат.
- Октябрь району боюнча:
Дареги: А. Токомбаев көчөсү, 12 кичи район, Көрктөндүрүү комбинатынын имаратында, т. 42-64-47.
Социалдык кызматтар боюнча адис: Сталбек Эсенкулов, тел: 570-392, 0708 880-218.
Учурда ал жакта 32 киши убактылуу жашап жатат. .