Ымыркайлар 1,5-2 миң долларга сатылган

Ымыркайлар 1,5-2 миң долларга сатылганЫмыркай сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинде алты баланы сатуу учуру аныкталды. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө ИИМ тергөчүсү Буланбек Чойбеков сатылган ымыркайлардын эң кичүүсү үч айлыктан баштап эки жаштан жогорураак экенин айтты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин бала сатуу окуясы боюнча 7-сентябрда кылмыш иши козголгон.   “Бала сатуу”беренеси менен алты жаранга айып тагылган. Бешөө камалып, кийин бирөөнүн айыбы “кылмышты жашыруу” деген беренеге өзгөртүлгөн.

«ПолитКлиника» медиасы Жеңиш Шамурзаев менен Ыкыбал Кожогелдиева аттуу жарандардын оор турмуштан улам эки наристесин убактылуу жайга калтырып, бирок кайра кайтарып, ала албай, ата-энелик укуктан ажыратылып зарлап жүргөнү тууралуу жазды эле. («Караңыз:    “Чет өлкөгө иштеп кеткен мигранттын балдары асыроого кеткен окуянын уландысы). Балким алардын ла наристелери так жогорудагы сыяктуу сатылып кетпесин?!

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты