Бишкекте 18 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Бишкекте 18 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, 5-апрелде А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 3-апрель күнү түнкү саат 00:50 чамасында үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 90 миң сомдук «Самсунг» уюлдук телефонун, 210 миң сомдук накталай акчасын жана 404 миң 890 сомдук якут бриллианттарын уурдап кетишкенин кабарлаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2005-жылы туулган К.Э. кармалды.

Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты