“Айыл чарбасын каржылоо — 11”: Жеңилдетилген насыя 1,5 миң дыйканга берилди

  • 1 год мурун

6-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 1,5 миңге жакын дыйканга берилди. Бул тууралуу «Азаттык» медиасы Айыл чарба министрлигинин финасы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Улан Намазбековдун маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, аталган долбоор менен берилген насыянын жалпы суммасы 704 млн. сомго жетти.

Насыя өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилген.

Намазбеков билдиргендей, “Агрокредит” долбоору боюнча 461 млн. сомдук насыя да берилген.

Өкмөт былтыр жазында «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты