Бүгүн түнү Таласта суук. Башка жактачы?15-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун түнкүсүн туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Облустарда абанын температурасы:

Чүйдө — түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;

Таласта — түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Баткенде — түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ош, Жалал-Абадда — түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө — түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарында — түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бишкекте:

Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2 градус болот.