УКМК: Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектер кармалды

  • 1 год мурун

Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 5-апрелде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен районунун Дөбө айылында “Ауди-100” үлгүсүндөгү орусиялык номер менен автоунаа кармалып, ичинен “Лефлоксин 500 мл” дары түрүндөгү жалпысынан 5 куту, 600 флакон контрабандалык жүк табылган.

Автоунаанын ээси Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган тургуну М.Э.М. кармалып, учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты