Темир Сариев: «Жолдорубуз эми эски машинага толот»

Темир Сариев: "Жолдорубуз эми эски машинага толот"

Экс премьер-министр Темир Сариев бул күндөрү Германиянын Ганновер шаарында айыл чарба көргөзмөсүндө жүрүп, 12-ноябрдагы ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Евразия экономикалык биримдиги боюнча парламенттеги кайчы пикирине жообун фейсбук баракчасына жарыялады. 

“Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов менен Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ортосунда кайчы пикир орун алып, менин атым аталып кетти. Ал эми депутат Сулаймановдун мага карата «чыккынчы» деп айтканы орунсуз сын. Балким анын көздөгөнү башкадыр, мен официалдуу түрдө ошол айтылган орунсуз сынга жооп берүүнү жана ал учурдагы менин аткарган ишим так жана пайдалуу болгонун жарыялап коюуну туура көрдүм” деди экс премьер-миистр Темир Сариев.

“Бажы биримдигине кирүү атайын келишим менен такталган. Бажы биримдигине кирүү туура жана тарыхый чечим болгон. Муну убакыт тастыктап жатат.  Бул жөнүндө көп айтыштын кереги жок.

Экинчиден, биз кирип жатканда мамлекет  үчүн- ыңгайлуу шарт алууга аракет кылганбыз жана көбүнесе ага жетишкенбиз.  Ошонун ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүу фонду тузүлдү,  500 млн  доллар менен. 200 млн доллар грант алдык Россия Федерациясынан. Дагы бир топ жеңилдиктер болду. Анын ичинде мигранттарга жакшы шарт түзүп бердик.

Унаалар боюнча беш жыл жеңилдетилген мөөнөт алганбыз, ал 1-январь, 2020-жылга чейин иштейт, андан кийин Бажы биримдигине такталган тариф менен киргизе баштайбыз.

Биз ошол жеңилдетилген тарифти туура колдонолу деп беш жылдык ички тарифти киргизгенбиз. Алар жыл сайын кичинеден өсүп турат. Көбүнесе эски машиналарга чектөө коюу саясаты бекитилген болчу.

Анткени билесиздер, убагында эски машиналар кирип, базарыбыз эски машиналарга толуп кетти. Эски машиналар деген эмне? Бул 20-30 % бензинди көп жейт, экологияны бузат, эки эсе көбүрөөк кычкылтек газын чыгарат, анан көбүрөөк сынат, ага дагы 20-30 % оңдош үчүн көбүрөөк акча кетет.

Биз базарыбызды 10-12 жылдык машиналар менен толтуруп салганбыз.  Мына ушуларга чектөө коюш үчүн жыл сайын бааны чоңойтуп келгенбиз.

Ошол 2020-жылга келгенде жумшагыраак өтүү болсун деп ошондой саясат кабыл алынган. Азыр көбү түшүнбөй жатат. Кайра Өкмөттөн мурунку тарифке кайрып бер деп жатышат.

Мен айтып коеюн, мурунку, 2014-жылдагы тариф боюнча 12 жылдык машинага 0,3 доллар  (30 цент) коюлат.  Ал эми жаңы машинага 1,4 доллар коюлуп жатат. Мисалы 2 кубдук машинаны киргизсе, эски машина боюнча, 12 жылдык машина алып келсең, 600 доллар төлөйсүң, ал эми жаңы машина алып келсең, (1,4 тариф менен) 2800 доллар төлөп жатасыңк.

Анан, албетте, биздин элибиз тигил жакта эски машина арзан экен, төлөмү да арзан экен деп базарыбызды эски машина менен толтуруп жатат.

Ансыз деле бүгүнкү күндө, өзгөчө Бишкекте, Ошто экологиябыз абдан  чоң маселе болуп калды. Анткени машиналардын баары тең эски, алардан чыккан түтүн элибизди ууландырып жатат,  Мына биз ошого бөгөт койгонбуз. Бул биринчиден.

Экинчиден,  бүгүн Өкмөт айтып жатат, биз эски тарифке кайрылып келгенден кийин, машиналар көбүрөөк кире баштады, пошлина көбүрөөк ала баштадык, 158 млн сом жарым жылда пошлина алдык деп жатат.

Мен айтып коеюн, Бажы биримдигинин эрежеси боюнча бардык киргизилип жаткан товар, машина болобу, алынып жаткан пошлиналардын баары тең бир жерге—Москвага топтолот. Ошол жерден ар бир мамлекет өз үлүшүн алат. Бул жерде 158 млн сом түшсө , ал Москвага түшөт да, биз 1,9 гана үлүшүбүздү алабыз. Мына ушундай.

Ал эми башка салык жок биерде. Эгерде башка товарларга кошумча салык болсо, машиналарга кошумча салык жок.

Эгерде юридикалык фирмалар киргизсе, ага бар, ал эми жеке адамдар киргизсе, анда жок. Аяктан биз кошумча салык албайбыз.

Мына ошон үчүн салыкты көбөйтүү деген да суроону пайда кылат. Эми эмне болду? Биз азыр 2019-жылдын ичинде, 2018-жылдын жарымы жана 2019-жылы биздин жарандарыбыз, «сыртта, Америкада, Германияда эски машиналар бар экен, арзан экен» деп, 10 жылдык машиналар 1 миң, 2 миң доллар турат, мына ошону алып келе башташат. Анан базарыбыз, жолдорубуз эски машинага толот. Бул саясатты биз туура түшүнүшүбүз керек.

Мен премьер болуп турганда бардык кызыкчылыктарды эске алып, катуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде киргизгенбиз.  Мен муну бардык жерде сиздерге тастыктап бере алам!” деди Темир Сариев.

 Быйыл 10-июлда Өкмөт токтом кабыл алып, ташылып келген машинелердин бажы төлөмдөрүн мурункудай кылып азайткан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты