Жоомарт Оторбаев: “Мен кичинемден эле “Битлзга” кызыгам”

КР вице-премьер-министри Жоомарт Отораев

КР вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Битлздын” “Мишель” аттуу ырын катыра ырдап атканы Интернетте пайда болду. Анын ырдаганын жактыргандар интернет колдонуучуларынын арасында арбын болгонуна кїбє болдук. Оторбаев мырзада катылуу жаткан талантка баа бердик.

– Жоомарт мырза, сиз “Битлздын” ырларын катыра ырдайт турбайсызбы? Интернеттен угуп, абдан жактырдым…
– Рахмат. Бирок ырдаганымды өзүм угуп-көрө элек экенмин.

– Анда ырас эле ырдаган турбайсызбы?
– Ооба, мен “Битлздын” музыкасына мектепте окуп жүргөн кезимден эле кызыгып, өзүм да ырдап калам.

– Эс алуу жайларына барып, ырдап турасызбы?
– Кыргыздын баары эле ыр жандуу келет эмеспи. Мен деле ошолордун биримин да. Мурда, жашыраак кезимде барып ырдап калчумун, кийинки кездерде бош убактарда анда-санда болсо да барып калам, кээде ырдайм.

– Англис тилинде, анын үстүнө “ Битлздын” ырларын баары эле ырдайт албайт да…
– Эмнеге? Азыр жаштар англис тилинде дурус эле ырдашат. Мен англис тилинде эле эмес, кыргыздын да көп эле ырларын ырдайм.

– “Битлздын” “Мишель” деген ырын ырдаптырсыз, дагы ал топтун кайсы ырларын жактырасыз?
– Бул топтун дээрлик бардык эле ырларын жактырам.

– “Битлздын” ырлары сиз үчүн…
– Кыргыздын өлбөс-өчпөс ырлары тартуулагандай эле ырахатты мен “Битлздын” ырларынан да таба алам. “Битлздын” музыкасы кайгы менен кубанычты, сүйүү менен көңүл калууну, айтор адамдын турмушунда кездешүүчү ар кыл учурлардын дарысын тартуулап тургансыйт. Өзүм ал топтун ырын ырдаганда да ырахат алам.

– Бишкектеги “Битлз” деп аталган көңүл ачуучу жайда болдуңуз беле?
– Жок, андай аталыштагы жайды укпаптырмын. Кайсы жерде экен?

– Байтик баатыр көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде.
– Аа жакшы, анда барып көрүш керек экен.

– Сиз кайсы бир музыкалык аспапта ойной аласызбы?
– Жаш кезимде гитара чертчүмүн, бирок көп жылдан бери колума гитара кармай элекмин, балким азыр эбим келбей, кылдарын тере албай калдым окшойт.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА

https://youtu.be/lDF0jZRzxV4

Сыграйте на Casino PinUp KZ прямо сейчас! Ведь только тут вы можете заработать быстро и просто!
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты