Апрель элдик революциясына 13 жыл толду. Президенттин кайрылуусу

  • 1 год мурун

Бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясына 13 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарда кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда Апрель элдик революциясы өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардын бири экенин эске салып, бул күнү эл адилетсиз башкарууга каршы, акыйкатсыз системаны алмаштыруу үчүн чыкканын айтты.

«Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган«, — деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Ал Апрель ыңкылабында 90дой адам каза тапканын эске салып, алардын элеси унутулбасын билдирди:

«Биз Ата Мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз«, — деди Жапаров.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты