Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдон улуттук жарандык боюнча доо алынды

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдон улуттук жарандык боюнча доо алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 14-ноябрда борбор шаардын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун улуттук паспорту боюнча Каттоо кызматынын  доосу каралмак.

Бирок процесс болор алдында сот Каттоо кызматы бул боюнча ишти кароонун кажети жок экенин билдирип, доо боюнча документтерди кайра кайтарып берүүнү өтүнгөн. Доо койгон тарап сотко өз өкүлүн да жиберген эмес.

Ал эми экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев тергөөнүн бул доо боюнча далили жок экенин билдирген.

Экс мэр Кулматов коррупция беренеси боюнча, кыргыз жарандыгын алууда мыйзамды бузганы, чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин абагында жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин камакта калтыруу боюнча чечим кабыл алган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты