190 мектеп авариялык абалда

190 мектеп авариялык абалдаКР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеш жыйынында бүгүн, 14-ноябрда билдиргендей, өлкөдө 158 мектепке кошумча курулуш талап кылынат. Өлкө боюнча 191 мектеп, 2 бала бакча авариялык абалда, 380 мектеп капиталдык ремонтту талап кылат.

Учурда 1 млн 75 миң бала балдар бакчаларында тарбияланууда. Жалпы бала бакчалардагаы орундан  40596 бала көп болуп жатат.

Мектеп, бала бакчалар менен камсыз кылууда эң алды менен курулуп жаткан обьектилерди бүткөрүүгө жана авариялык обьектилерге көңүл бурууга артыкчылык берилмекчи.

Жыйындын жүрүшүндө 1600 бала бакча зарылдыгы, ага 80 млрд сомдой каражат керектелери белгилүү болду.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты