Илмияновду бир да жолу суракка алышпаганын анын жактоочусу билдирди

Илмияновду бир да жолу суракка алышпаганын  анын жактоочусу билдирдиЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин камакта жаткан мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев 24 kg агенттигине берген маалыматында Илмиянов боюнча эч кандай тергөө иши жүрбөгөнүн билдирди.

“Экспертиза да, беттештирүү да болбоду. Ошондуктан ал тергөө менен кызматташып жатат деген сөз негизсиз. Эмнегедир тергөө жүргөн жок” деп айтты жактоочу.      

Буга чейин Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитети Икрамжан Илмиянов тергөө ишинин алкагында Коопсуздук комитетинин тергөөсү менен активдүү кызматташып жаткандыгын билдирген. Маалыматтарда айтылып келаткан  каражаттар кайсы жакка которулганы аныкталып жатканын, Илмияновдун каражатты алганы тууралуу далилдер жетиштүү экенин УКМК белгилеген.

2017-жылдын 8-августунда президенттик шайлоо  боюнча штаб башчынын орун басары Икрамжан Илмиянов  “Дизел комплект” компания өкүлдөрүнөн демөөрчүлүк иретинде 150 миң доллар алганы маалымдалган.

КСДП партиясы бул каражатты президент Сооронбай Жээнбековдон сураш керек экенин айткан.

Икрамжан Илмиянов 20- октябрда УКМКнын тергөө абагына камалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты