“Бөйрөксүз табылган балдар”, “Педофилдердин бандасы”. WhatsApp аркылуу келген “фейк” маалыматтарды кантип аныктоо керек?

Ар бирибиз жок дегенде бир жолу WhatsApp аркылуу “Көңул бургула!”, “Шок” деп башталган маалыматтарды алсак керек. Бирок, алардын чын-жалганын текшерип көрдүңүз беле? Социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан фейк маалыматтарды кантип аныктаса болот? Баланын коопсуздугу үчүн эмне кыла аласыз? Төмөндөгү кеңештер сиздер үчүн.

“Бөйрөксүз табылган балдар”, “Педофилдердин бандасы”. WhatsApp аркылуу  келген “фейк” маалыматтарды кантип аныктоо керек?

Негизинен фейк маалыматтар мессенджерлер аркылуу же ата-энелердин чаты аркылуу таратылат. Аны ата-энелер өз ара бөлүшүп, дароо дүрбөлөң салышат.

Дал ошондой фейк маалыматтарды аныктоо жолдору:

  • Ачык,эмоционалдык каныккан сүйлөмдөр;
  • Жалпы фразалар көп;
  • Фактылар аз;
  • Логикалык корутундулар аз;
  • Маалыматтын булагына шилтеме жок;
  • Окуянын чоо-жайы жок: датасы, шаардын аталышы, так адресс берилбейт;
  • Аягында бөлүшүп коюуну өтүнүшөт.

 Эмне кылуу керек?

Колуңузга тийген маалмыматты, сүрөттү же видеону “Google” же башка издөө системасына салып качан, ким тарабынан жарыяланганын биле аласыз. Ошентип, маалыматтын чын-жалганын билсе болот. Же расмий органдарга кайрылуу жасап, маалыматты тактасаңыз болот.

Көпчүлүк учурда ата-энелердин чатына балдарды уурдоо, органдарын сатуу, педофилдердин бандасы жөнүндөгү коркутуучу маалыматтар келет. Мисалы, Кыргызстанда вотсап аркылуу “бөйрөгү жок” балдардын “сүрөтү” үстүбүздөгү жылдын сентярь айларында тараган эле. Ал окуя тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы маалыматтын жалган экенин билдиришкен. Ошондой эле Бишкете белгисиз аял балдарды “сүрөткө тартып кой” деп алдап, уурдап жатканы жөнүндөгү маалымат дагы тараган. Ошол маалыматтар Казакстанда, Россияда да тараган. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы аталган маалыматты дагы “фейк” деп билдирген.

“Лайф” маалыматтык-аналитикалык басылмасы билдиргендей Вотсап фейк маалыматтарды аныктап, жок кылуучу функцияны киргизет. Бирок, кандай кылып аларга бөгөт коюунун конкерттүү жолу айтылган эмес.

Мындай учурда дүрбөлөңгө салып. Жалган маалыматка ишенгендин ордуна, балдарга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүнү психологдор кеңеш берет.

Балдар үчүн коопсуздук эрежелери:

Чоочундарга “жок” дегенди үйрөтүү

Көпчүлүк учурда, өзгөчө биздин коомдо улуулардын айтканын эки кылбай аткарууну үйрөтөбүз. Алган жыйынтыгыбызга да кубанабыз. Жыйынтыгында бала ар бир улуу адамдын айтканын аткарып калат. Ошондуктан, балага чоочундарга “жок” деп айтканды үйрөтүү керек.

 Жардам суроо-уят нерсе эмес

Балдардын керек учурларда, мисалы, бейтааныш адам тынчын алып жатса, аркасынан бирөөнүн аңдыганын байкаганда жардамга чакыра албай калышынын бир нече себеби бар. Уялышы мүмкүн, өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн же коркушу мүмкүн. Балага жардам суроо уят эмес экендигин, улуулар жардамга келерин түшүндүрүү керек. Кимге жардам сурап кайрыла аларын түшүндүрүңүз: милиция кызматкерине, жанынан өтүп бараткан аялга же көчө шыпырып жүргөн кызматкерлерге.

 Кыйкыра билүү

Өзүн алып жүрүү маданиятын үйрөтүү, албетте, маалилүү. Коомдук жайларда катуу сүйлөгөнгө болбойт, кыйкырган болбойт деп үйрөтөбүз көбүнчө. Бирок, анын терс жагы да бар. Жардамга муктаж болуп турган кезде бала таптакыр кыйкыра албай коюшу мүмкүн.

Балага өзүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн кыйкыруу нормалдуу нерсе экенин түшүндүрүңуз. Кыйкырганы үчүн эч ким аны шылдыңдабай, тескерисинче, жардам бере тургандыгын түшүндүрүңүз.

Өз убагында жасоо

Балага ар бир нерсени өз убагында жасоону үйрөтүңүз. Мисалы, үйгө 12:00дө келем деп сүйөшүлсө өз убагында келүү маанилүү экендигин түшүндүрүңүз. Эгерде, кармалып жатка байланышып,эскертип коюу керектигин айтыңыз.

Телефон номерлерди жатка билүү

Баланын өзүнүн чөнтөк телефону болгон учурда дагы, бир нече телефон номерди жатка билип койгону коопсуздугу үчүн маанилүү. Мисалы, ата-энесинин, чоң-ата, чоң-энесинин ж.б.Убак-убагы менен сурап, унутуп калбаганын текешрип туруңуз.

Биринчи кезекте коопсуздук

Балага дайыма бир жол менен келүүнү үйрөтүңүз. Баланын маршрутунан адамдар аз, жарыгы жок, парковка зоналарын, ээн калган имараттарды, гараждарды, курулуш зоналарын алып салыңыз. Коопсуздук үчүн баланын жолу жарык жана адамдар көп болуусу шарт. Бала менен чогуу барып, кооптуу деген жерлерди аныктаңыз.

“Өз” менен “Өзгөнү” түшүндүрүү

“Өз” менен “Өзгөнүнүн” ким экендигин так аныктап, түшүндүрүңүз. Ким менен чогуу кетүүгө болот, ким менен сүйлөшүүгө дагы болбоорун айтып бериңиз. Мисалы, “Өз”-бул жакын адамдар. Атасы, апасы, чоң атасы, чоң энеси, улуу ага-эжелери. Бир гана ошолорго ишенүүгө болоорун балага жеткиликтүү кылып түшүндүрүңүз.

Ал эми “Өзгөлөр” тааныбаган чоочун адамдар. Алардын өтүнүчүн, сунушун аткарбоо керектигин бала билүүсү зарыл. Улуу адамдар жардамды кичүү балдадан эмес, улуулардан сураарын түшүндүрүңуз.

Эң манилүүсү бала менен сүйлөшүп, бул эрежелерди кайталап турууну унутпаңыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты