Жогорку Кеңеште Эрмамат Тагаев ант берди

Жогорку Кеңеште Эрмамат Тагаев ант бердиЖогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-ноябрдагы жыйынында, Аскарбек Шадиевдин ордуна “Бир бол” фракциясына  жаңы депутат—Эрмамат Тагаев келди жана ант берди.

Эрмамат Тагаев —56 жашта. Ал Жогорку Кеңештин  экс спикери Айтибай Тагаевдин бир тууганы. “Бир бол” партмисына чейин “Ак жол” партиясынын (2000-2009-ж.) мүчөсү болгон.

 

Эрмамат Тагаев “Исфайрам” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары белгилүү. Ал кен байлыктарды чалгындоо жана иштетүү боюнча бир нече жолу лицензия алган.

Ага чейин Кызыл-Кыяда “Нур” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты