Бишкектин кайсы аймактарында бүгүн электр энергиясы жок болот?
- 6 лет мурун
- Баяндар
Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкектин кээ бир райондорунда жаңы жабдууларды орнотуу жана оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ачык акционердик коому билдирди.
Төмөндөгү аймактарда электр энергиясы өчүрүлөт:
—Саат 9.00дөн 12.00гө чейин Барбулак, Ала-Мышык, Бугу-эне, Суусамыр көчөлөрүндө;
—Саат 9.00дөн 13.00гө чейин Токомбаев көчөсүнүн түштүгүндө (Абдрахманов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкинге чейин);
— Саат 9.00дөн 18.00гө чейин 6-кичирайон (№ 9/1-15/1 үйлөр);
— Саат 9.00дөн 18.00гө чейин “Бакай-Ата” конушунда (Көкчө, Сейтек, Анар, Эр-Табылды, Ак-Уул көчөлөрү);
“Көк-Жар” конушунда (Арстанбап, Достоевский, Көк Жар, Ой-Терскен, Тоң, Конорчок көчөлөрүндө);
“Хабитат” конушунда (Кызыл-Кий, Мажайский көчөлөүндө), “Ак-Босого” конушунда (Саадаева, Профессор Зимы көчөлөррүндө), Камчатка, Краснодар, Стадион, Алыкулов, Васильев көчөлөрүндө жана Дархан, Саруй, Алтай, Каарман, Джоль тилкелеринде;
—Саат 10.00дөн 12.00гө чейин “Ынтымак” конушунун Калкагар көчөсүндө;
—Саат 10.00дөн 18.00гө чейин Элебесов көчөсүндө (“Дордой” базарынын батыш жагы);
—Саат 13.00дөн 17.00гө чейин “Ак-Өргө” конушунун Казыбек, Жетиген жана Керемет конушунун Профсоюз, Кайназаров, Месарош көчөлөрүндө.