Жер махинациясына байланыштуу Сузак райондук «Кадастр» мекемесинин кызматкерлери кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.З.Т., жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн учурдагы адистери А.Э.И. жана М.А.нын туруктуу коррупциялык схема түзүп, жасалма документтерди пайдалануу менен жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз өткөргөнү аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты