Акылбек Жапаров Шинжаң ишкерлерин Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда транспорт, логистика, энергетика, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагында кызматташуу маселеси талкууланды.

Акылбек Жапаров кыргыз тарап өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып баратканын белгилеп, Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун мамлекеттик жана жеке ишканаларын тоо-кен, айыл чарба тармагында жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана логистика боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Мындан тышкары ал кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында инфраструктураны өнүктүрүү, динамикалык жана инвестициялык кызматташууга тоскоол болгон айрым чектөөлөрдү алып салуу жана соода жүргүзүүдө өз ара пайдалуу шарттарды түзүү керектигин кошумчалады.

Ма Синжуй эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты