«Сыйлык сурап келбегиле» деген одоно сөз. Татыктууларына бергиле»

"Сыйлык сурап келбегиле" деген одоно сөз. Татыктууларына бергиле"Маданият, маалымат жана туризм министри  Азамат Жаманкулов бүгүн, 13-ноябрда коомчулукка   “Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңүздөрдү суранам” деп кайрылган эле. Ага ак таңдай акын Азамат Болгонбаев фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

«Урматтуу Маданият министири, «мага сыйлык бер» деп өнөрдү сыйлап, искусствону жана маданиятты бийик туткан адам барбайт.

Наам сурап келгендерден кутулууну кааласаңыз, татыктууларын тандап бергиле. Популярдуу деп массалык маданияттын өкүлдөрүнө эле наам тарата бербей, өмүр бою театрда роль ойногон артисттерге, оркестрдин чуңкурунда (сахнада музыканттар отурган жер) отургандарга, өмүр бою маданиятка кызмат кылган музыканттарга бергиле.

Ансыз деле Маданият министрлигинин башын аттап өтүп, кыйлалар татыксыз сыйланды.

«Маданияттын мыкты кызматкери» деген төш белгини чар-жайыт таратканды, артисттерди ар иш- чарага бекер айдай бергенди (өзгөчө филармония, театрда иштегендерди) токтоткула.

Маданиятка кызмат кылып жаткан коомдук уюмдар менен бирдикте иш алып баргыла.

Албетте көйгөй көп, Маданият министрлиги Кыргыз өкмөтүндөгү эң кадыры жок министирлик, аброюн көтөрүп, кадырын ашырыңыз. Ишиңизге ийгилик каалайм!

«Сыйлык сурап келбегиле!» — деген одоно сөз, татыктууларына бергиле» деп жооп берди министрге  ак таңдай акын Азамат Болгонбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты