Министр Азамат Жаманкулов жаман катуу кетти

Министр Азамат Жаманкулов жаман катуу кетти

 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жалпы жарандык коомчулукка кайрылуу жасады.

Жаңы министир Кайрылуусунда буларды белгиледи:

«Бүгүнкү күндө жалпы маданият тармагында жасала турган иштер арбын. Алсак,

а) кыргыз элинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо;

б) маданият жана искусство, кесиптик классикалык музыкадан баштап, элдик чыгармачылык чөйрөсүн өнүктүрүү;

в) калктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына аралашуусу үчүн шарттарды түзүү:

г) туристтик сектордо көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу;

д) Кыргызстандын туристтик дараметин көтөрүү;

ж) эл аралык аренага Кыргызстандын кадыр баркын калыптандыруу вазийпасы эң негизгилерден болуп турат.

Жалпы маданият тармагында көйгөйлөр да жок эмес, аны жоюу үчүн болгон күч аракетимди жумшоого аракет кылам.

Биз улутубуздун улуулугун, тарыхыбыздын тактыгын, руханий байлыгыбыздын, унутта калып бара жаткан улуттук каада – салттарыбызды маданиятыбыз менен гана тааныта алабыз.

Бул үчүн маданият тармагында эмгектенген ар бир кызматкер өз салымын кошуусу керек.

Муну менен катар, маданият тармагындагы эмгектенип жаткан ар бир кызматкер өтөгөн кызматы, маданият тармагына кошкон салымы үчүн өзүнүн баасын алышы керек.

Бүгүнкү күндө министрликке келген жарандардын 90 пайызы наам, сыйлык алуу маселелери менен келип жатышат. Бул көрүнүштү токтотуубуз керек.

Жалпы жарандык коомчулуктан: “Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам”. Андыктан, аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып, маданият тармагында жасалып жаткан иштерге көмөк көрсөтүп, мага арка бел болууга чакырам”- деп билдирди Азамат Жаманкулов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты