Курултай азыркы Президент жана экс-президент ишмердигине саясий баа бермекчи

Курултай азыркы Президент жана экс-президент ишмердигине саясий баа бермекчи24-ноябрга белгиленген саясий күчтөрдүн курултайы Президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунун  бир жылдыгына жана экс президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердигинне саясий баа берет.

Бул тууралуу жыйында уюштуруучулар билдирди.  Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, курултайдын өтөр күну 24-ноябрга белгиленгени—дал ошол күнү Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башына шайланып келгенине туура бир жыл толот.

Курултайга бир катар саясий партиялар, анын ичинде “Ата Мекен”, “Кыргызстан”, “Замандаш”, “Аадам”, “Ата журт”, “Таза коом”, “Мекенчид”. “Жашылдар”  ж.б. сасий күчтөр өкүлдөрү катышмакчы.

Саясий күчтөрдүн бул курултайы Президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы бир жылдыкка жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердигине саясий баа берет.

Курултайга 650 делегат чакырылат, анын ичинде саясий партиялар жана саясий күчтөр өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун мүчөлөрү.

Курултайга Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев да чакырылмакчы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты