Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби жарык көрдү

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби жарык көрдү“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көрду.

Бул китебине анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү камтылды. Мындан сырткары ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү да ушул китептен табууга болот.

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү. Китептин бет ачары 13-ноябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинде өтөт. Китеп орус тилинде декабрь айында чыгат.

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Булак: “Азаттык”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты